Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2019-жылдын 23-майы № XXVIII-02
ПРООН тарабынан бөлүнгөн акча каражатын чыгымдоого уруксат берүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнө инвестиция болуп тартылган ПРООН тарабынан каржыланып жаткан 27 га жер аянтын жердин кыртышынын эррозияга учроосунун алдын алуу жана элдин коопсуздугун сактоо максатында бөлүнгөн акча каражатын чыгымдоого уруксат берүү жөнүндөгү күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ПРООН тарабынан каржыланып жаткан 818 384 сом акча каражатын чыгымдоого уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
А.А. Раев |