Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX – сессиясынын

2021-жылдын 5-марты № 7

Могол айыл аймагында “Могол Таза суу” муниципалдык ишканасынын түзүү жөнүндө

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун айыл аймагынын деңгээлинде “Могол Таза суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХX сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл өкмөтүнүн “Могол Таза суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө кайрылуу эске алынсын.

2. Могол айыл аймагына караштуу айылдардын ичүүчү таза сууларын көзөмөлдөө үчүн Могол айыл өкмөтүнүн башкаруусу алдында “Могол Таза суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

3. “Могол Таза суу” муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Могол айыл аймагынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Аталган расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Могол айылдык Кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловко тапшырылсын.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

К. Эрмеков