МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX – сессиясынын
2021-жылдын 22-февралы № 2
Бала бакча башчыларынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Могол айыл аймагындагы балдар бакчаларынын башчылары койгон сунуштун негизинде ата-энелер төлөмүн көтөрүү жөнүндө маселе карап жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагындагы балдар бакчаларынын ата-энелер жыйынынын токтомдору бекитилсин.
2. Могол айыл аймагындагы балдар бакчаларынын ата-энелер жыйынынын токтомдорунун негизинде азыркы учурда базар баасынын өсүшүнө байланыштуу №15 Жылдызбек, №30 Достук, №32 Умсунай, №40 Кимсан балдар бакчаларынын ата-энелер төлөмү 400 (төрт жүз) сомго көтөрүлсүн.
3. Аз камсыз болгон жарым жетим үй-бүлөөлөрдүн балдарынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү взносунан №15 Жылдызбек бала бакчасынан -6 бала, №30 Достук бала бакчасынан -5 бала, №32 Умсунай бала бакчасынан -2 бала, жалпысынан – 13 бала ата-энелер төлөмүнөн бошотулушун.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы Могол айыл өкмөтүнө жана балдар бакчаларынын башчыларына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловко тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы | К. Эрмеков |