БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 11
Жазгы талаа жумуштары жана ички тартипти калыптандыруу жөнүндө
Жалпы элдик жыйында түшкөн сунуш –пикирлерлерди угуп жана талкуулап
Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа жумуштарды уюшкандыкта өткөрүү жагы айлана –чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү ,жашылдандыруу,санитардык абалын жакшыртуу иштерин уюштуруу,бул иштерге жалпы калкты мобилизациялоону колго алуу жагы жер адис Ч.Сманбековго айыл башчылар
Э.Мамбетасымовго,Б.Токтогараевге,К.Токтогазиевге милдеттендирилсин.
2. Жазгы айдап себүү жана турмуш тиричилик жумуштарын бүткөрүү үчүн элдик жыйындагы сунуштарды эске алуу менен төмөндөгүдөй баа өлчөмү бекитилсин.
3. Жер айдоо:(маласы,күйүүчү ,майлоочу майы ичинде)
Дың Жер маласы жок айдатуу 1 гектарга 3500 сом
Жөн жерди маласы жок айдатуу 2500 сом
Дың жерди айдатуу +2 маласы менен 5500 сом
Жөн жер +2 маласы менен 4500 сом
Жөн эле малалатуу 1000 сом
Чоң –Дөбө жана айыл ичи түз жер 1 гектарга (косилка)-300 сом
Чалгы менен чабыла турган жерлерге -200 сом
4. Чөп ташуу:
Чон-Дөбо участкасы -800 сом 20 литр бензин
Шай участкасына -1000 сом ,30 литр бензин
Тегерек-Чыбыр -500 сом ,15 литр бензин
Кароой ,Төш Булак -300 сом ,20 литр бензин
Орто-Арык ,Керимбай арык участкасына -200 сом,5 литр бензин
Чөп престетүү :1 түк -18 сом( күйүүчү майы ичинде)
Чөп чабуу : 1 гектарга 2000 сом ( күйүүчү майы ичинде)
Грабилдөө:1 гектарга 1200 сом ( күйүүчү майы ичинде)
5. Кум шагыл жүктөө:
Эксковатор -700 сом
ГАЗ автомашинасы -800 сом
ЗИЛ автомашинасы -1000 сом
Торкеге пиларама терек ташуу -1000 сом ,20 литр бензин
6.Мал базарга мал сатуу үчүн :
Бодо мал барганы -300 сом
Торпок ,тай -300 сом
Кой-эчки -100 сом
Сатылып алынган малга -300 сом
7.Жеңил машиналар үчүн жарандардын жол кире кысы-100 сом
Ун алып келүү үчүн-50 сом
1. Мураптык айлык акысы түтун башына -150 сом
2. Улүш жердин суугатына 1 сотыхга -50 сом
3. Таза сууга түтун башына -100 сом
4. Кароолчунун айлык акысы тушкөн айып пулдан алынат.
5. Таштандыларды атайын бөлунгөн жерден тышкары таштаган атуулдарга
6. Улүш огороддон тушкөн ,жолго зыян келтирген майнап сууга
7. Мурапка баш ийбеген атуулга же үй-бүлөөгө ,кечки көзөмөл учурунда көчөдө бейчеки жүргөн атуулдарга
8. Айыл аймагында ар кандай тартип бузууларды алдын алуу,элдин тынчттыгын сактоо максатында ,бардык дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатуу далилдери катталса.
9. Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорун аткарбаган жарандар КР нын Бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылсын.
10. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
11. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Бек-Алды айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ж. Боромбаев |