Редакцияот 30.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

2021-жылдын 30-марты № 12

Мал санактын жыйынтыгы менен саналган малга бекитилген жайыт акынын баалары жана айып пул өлчөмдөрү жөнүндө

Жалпы элдик жыйында түшкөн сунуш –пикирлерлерди угуп жана талкуулап

Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтундөгү жайлоолорго көчүп –конуу жөнүндө тузүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып баруу жагы айыл башчыларга ,жайыт комитетине жана бадачыларга милдеттендирилсин.

2. Жайыт акынын баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:

1-баш уйга -137сом 26 тыйын

1-баш жылкыга -137сом 26 тыйын

1-баш кой-эчки -27 сом 45 тыйын

3. Бадага берилген малдын баасы Сары-Сөгөт.Коргон айылдарында төмөндөгүдөй бекитилсин:

1 баш бодо малга-300 сом

1 баш кой-эчки -50 сом

Музолуу уй -500 сом

Эскертүү:Бадачы алган малды жоготсо төмөндөгүдөй суммада орду төлөнуп берилсин.Бадачы менен малдын ээсинин ортосунда сөзсүз келишим кагазы болсун.

Кой-5000 сом

Козу -4000 сом

Эчки-3500 сом

Улак -2000 сом

4. Бадага берилген малдын баасы Бел-Алды айылында төмөндөгүдөй бекитилсин:

1 баш бодо малга-400 сом

1 баш кой-эчки -50 сом

Музолуу уй -600 сом

Эскертүү:Бадачы алган малды жоготсо, малдын ээси көрсөткөн малын сатып алып берип төлөнуп берилсин.Бадачы менен малдын ээсинин ортосунда сөзсүз келишим кагазы болсун.

5. Бадачылардын жайлоолорго көчүү тартиби төмөндөгүдөй бекитилсин.

Жайыт билетин алуу

Жакынкы жайлоолорго көчүү 25 апрельден 5 майга чейин

Ортонку жайлоолорг көчүү 25- майдан 5-июнга чейин

Алыскы жайлоолорго 20-июндан 1-июльга чейин

6. Бадачылардын айылга көчүп келүү мөөнөттөрү төмөдөгүдөй бекитилсин.

20-сентябрьдан -1 –октябрга чейин жакынкы жайлоолорго

1-октябрдан айылга көчүп келүү

7. Айдоого жана чабындыга,бак –даракка зыян келтирип огородко тушкөн малга.

Келишимде көрсөтулгөн мөөнөттөн эрте көчүп келген бадачыга,айдап салма  малдардын ээлерине, Айылдык кеңештин сессиясынын бекиткен токтомдорун аткарбаган жарандарга КР нын Бузуулар кодексинин негизинде айып пулдар чегерилип жоопкерчиликке тартылсын.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылат.

9. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин

 

Бек-Алды айылдык кеңешинин

тѳрагасы

 

Ж. Боромбаев