ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
9-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги №11-сессиясы
2020-жылдын 13-октябры № 6
“Аяржан” аттуу майыптарды колдоо фондунун кайрылуусу
Кара-Буура районундагы “Аяржан” майыптарды колдоо борборунун 2020-жылдын 20-сентябрындагы кайрылуусунда Шекер жана Арчагул айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбыз фонддун күндүзгү бөлүмүнөн массаж жардам алып тургандыктан алардын бир жылдык тамак ашына акча каражатын бөлүп берүү үчүн токтом кылам
1.Шекер айылынын тургуну Акылов Бектур Айдарович 2011-жылдын 7-февралында туулган жана Арчагул айылынын тургуну Алыканов Кайрат Азаматович 2013-жылдын 12-апрелинде туулган,мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарыбыз үчүн “Аяржан” аттуу коомдук фондко балдардын тамак ашына 5000(беш миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сыдыгалиев Суйуналы Оморалиевичке тапшырылсын.
Төрага | К.Э.Иманалиев |