Редакцияот 20.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

9-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги № 3-сессиясы

2019-жылдын 20-августу № 01-3/1

Теректерди сатуудан түшкөн акча каражаты жөнүндө

Теректерди сатуудан түшкөн 200,0 миң сом акча каражатын кошумча киреше-чыгаша статьяларга бөлүштүрүү жагы талкууга алынгандан кийин токтом кылам.

1. Теректерди сатуудан түшкөн 200,0 миң сом акча каражатын кошумча киреше-чыгаша статьясынын аппарат бөлүмүнүн төмөнкү статьяларга бөлүнсүн.

-статья 2215-ар кандай чыгымдары 200,0 миң сом.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Жамакеевге милдеттендирилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Э.Иманалиев