Редакцияот 20.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

9-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги № 3-сессиясы

2019-жылдын 20-августу № 5

Арчагул айылына жаңы бала бакча курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Арчагул айылындагыбала бакчасы типтүү эмес, өтө тар айылдагы мектепке чейинки балдардын баардыгын камтый албай,учурда 100 орундуу типтүү заманбап бала бакча куруу зарыл болуп тургандыгына байланыштуу жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Шекер айылдык кеңеши

Токтом кылат

 1.Шекер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Арчагул айылындагы Дүйшөн орто мектебинин батыш түштүк тарабындагы эски бактын ордунан жалпы 1,0 га жер аянтын бала бакча курууга бөлүнуп берилсин.

2.Токтомду аткаруу жагы Шекер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Э.Иманалиев