Загрузка документа…
БАКЫЯН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бакыян айылдык аймактык кеңешинин IV чакырылышынын XXXI сессиясы
2019-жылдын 30-январы № 2
2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жана 2019-жылга айыл өкмөттүн бюджетин бекитүү жөнүндө
1.Бакыян айыл өкмөтүнүн бюджети 2018-ж.1-январына карата үнөмдөлгөн 931,5 миң сом болуп,2018-ж.ичинде киреше бөлүгү 8966,3 миң сом жана 2018-ж.үчүн аткарылышы 6133,8 миң сом түзүп, 2018-ж. үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы 1150,1 миң сом үнөмү менен бекитилсин.
2.Бакыян айыл өкмөтүнүн 2019-ждылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 6331,2 миң сом,чыгаша бөлүгү боюнча 6331,2 миң сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
1)Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин:
№ | а т а л ы ш ы | суммасы |
1. | Киреше үчүн салынуучу салык (подоход.налог) | 871,0 |
2. | Ыктыярдуу түрдө төлөнүүчү патент | 96,0 |
3. | Транспорт ээлеринен алынуучу салык | 250,0 |
4. | Атуулдардан түшүүчү жер салыгы (огород) | 128,6 |
5. | Юридикалык жер салыгы (үлүш) | 526,6 |
6. | Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 25,1 |
7. | Сатыктан алынуучу салык | 19,0 |
8. | Жайыт арендасы | 160,9 |
9. | УКБФдагы жерлерди ижарага берүүдөн түшүүчү ижара акы | 436,3 |
10. | Жер казынасын пайдаланууга укугуна лицензичны кармоо үчүн акы | 250,0 |
11. | Теңдөөчү грант | 2962,7 |
12. | Салык төлөнбөөчү атайын каражат үчүн кызмат үчүн көрсөтүү төлөмү | 605,0 |
| Баардык түшүүчү киреше | 6331,2 |
2)2019-жылга Бакыян айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 6331,2 миң сом болуп бекитилсин, анын ичинен:
—айыл өкмөтүнүн аппаратына —3664,1 миң сом;
—экономикалык маселе (жайыт) —128,1 миң сом;
—элге билим берүү —2383,4 миң сом,
а.и. (атайын каражат үчүн) —605,0 миң сом;
—клуб —120,4 миң сом;
—китепкана —35,2 миң сом.
№ | чыгашалардын аталышы | Баардык чыгаша |
1. | Эмгек акы | 2255,4 |
2. | Соцфонд | 336,9 |
3. | Иш сапар чыгымы | 141,4 |
4. | Телефон чыгымы | 48,4 |
5. | Автоунаа чыгымы | 120,4 |
6. | Ар кандай чыгым | 237,6 |
7. | Медициналык буюм алуу | 8,0 |
8. | Тамак-аш чыгымы | 495,0 |
9. | Ремонт иштери үчүн | 195,0 |
10. | Эмерек сатып алуу үчүн | 347,1 |
11. | Көмүр отун чыгымы | 0 |
12. | Электр энергия чыгымы | 978,1 |
13. | Резервдик фонд | 63,3 |
14. | Имараттар жана курулуштар | 500,0 |
15. | Атайын каражат | 605,0 |
| Жалпысы: | 6331,2 |
3.Токтомдун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн каржылоо-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бюджетти аткаруу процессинде айыл өкмөтүнө төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр берилсин:
—жыл ичинде сметанын чегинде статьядан-статьяга,разделден-разделге,ошондой эле кварталдан-кварталга жылдырууларды жүргүзүп турууга,ошондой эле өзгөртүүлөрдү атайын эсептер боюнча жүргүзүүгө.
5.Жүргүзүлгөн сметалык өзгөтүүлөрдү жылдыруулардын эсебинен кварталдын,жылдын жыйынтыгы менен айылдык кеңеште бекитүүгө сунушталсын.
6.2019-жылга айыл өкмөттүн накталай кассалай акча жүгүртүүсү 1,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7.Айыл өкмөттүн бюджетин бекитүүдө чыгаша бөлүгү боюнча зарыл болгон чыгымдарды Республикалык бюджеттен алынуучу каражаттан каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын Финанса Министрлигинен суралсын—
билим берүү тармагына—650,0 миң сом,а.и.
мүлктү учурда оңдоо —100,0 мин сом,
электр энергия чыгымы —500,0 миң сом,
отун,суу чыгымы — 50,0 миң сом.
8.Кирешелерден ашык түшкөн убакта,чыгаша бөлүгү мыйзам чегинде жумшалсын.
9. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асылбековго жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Жанышбеков |