АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 31-марты № 2
Жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт акынын баасын бекитүү жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2021-жылдын кезексиз 32-сессиясы Акназаров айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Асылбековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Акназаров айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар жана жарандар аралык жалпы жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча айына бир баш малга төмөндөгүдөй баа белгиленсин:
Кулундуу жылкыга башына -1500 сом.
Ири мүйүздүү малга -600 сом.
Кой,козуга башына -80 сом.
2.Жайытка төлөөнүүчү шарттуу мал башына жазтоо-жайлоого
Жылкыга -130 сом
Уй,торпокко -100 сом
Ат-Ойнокко баруучу кой,козуга – 12 сом
Берки багытка баруучу кой,козуга -15 сом
Кышкы жайытка кой, козуга -5 сом
Жылкыга -60 сом.
3. Жайыт пайдалануучулар жайыт билетин, ветеринардык көзөмөлдөн өткөн справкасын албаган жана уруксатсыз башка жайытты пайдалангандыгы үчүн 10000 сом айып пул тартуусу менен жайыт жеринен чыгарылсын.Жоголгон кой, козуга малчылар тарабынан төлөп берүү жагы 8000 сомдон болсун.
4.Токтомду аткаруу жагы жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы Ж.Асылбековго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынынорун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
6.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |