АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 31-марты № 6
Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Медетов Кубан Азымбековичтин кайрылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2021-жылдын 31-мартындагы кезексиз 32-сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айылынын тургуну К.Медетовдун кайрылуусу боюнча 2021-жылдын 19-февралында аукциондон №437-контурдагы №30-лоттогу 0,96 га алма бакка ижара укугуна ээ болгон алма багы куурап калгандыгына байланыштуу алмаларды кыйып кайра алма бак тигип жаңыртыш үчүн куурап калган алма бакты кесүүгө уруксат берилсин.
2.Акназаров айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаилов КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Талас аймактык башкарамлыгынан куурап калган алмаларды кесүүгө макулдук суралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин жер комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
4.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |