АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 6-июну № 3
Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебине кошумча корпус куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2021-жылдын 06-июлундагы кезексиз 1-сессиясы, Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинин директору Д.Соронкуловдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Маданият айылындагы Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебине кошумча корпус куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинин территориясынан 0,05 га жер аянтын кошумча корпус куруу үчүн бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана муниципалдык менчик комиссиясынын төрагасы А.Көккөзовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |