Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 24-октябры № 135
Өзгөчө абал жөнүндө
(КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 31, 2009-жылдын 26-февралындагы № 70 Мыйзамдарынын, 2011-жылдын 25-июлундагы № 126, 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256, 2015-жылдын 14-июлундагы № 163, 2022-жылдын 10-октябрындагы № 95, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 226 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Глава Жалпы жоболор
1-статья.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
Өзгөчө абал - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара.
Аймактын коменданты - өзгөчө абал киргизилген жердеги аймактык комендатуранын ишин жетектөөчү жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну жүзөгө ашыруучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу кызмат адамы.
Аймактык комендатурасы - өзгөчө абал киргизилген жердеги өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү убактылуу атайын орган.
Коменданттык саат - инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда, же болбосо өз турак-жайынан тышкары жерде болууга тыюу салуу белгиленген сутканын убактысы.
Өзгөчө абал киргизилген аймактын чек аралары - Кыргыз Республикасынын бир же бир нече администрациялык-аймактык бирдиктеринин аймагы.
Кризистик кырдаал - биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия), социалдык (зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу,) жана табияттык-техногендик (табигый кырсыктар, кыйроолор) мүнөздөгү конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирүүчү факторлордун (жагдайлардын) жыйындысы.
Атайын өткөрмө - өзгөчө абал киргизилген аймактын чек араларында жүрүүгө, келүүгө (кетүүгө), кирүүгө (чыгууга) укук берген аймактын коменданты тарабынан берилүүчү бир жолку же убактылуу документ.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256, 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
II Глава Өзгөчө абалды киргизүүнүн шарттары, негиздери жана тартиби
3-статья.
Кыргыз Республикасында өзгөчө абал төмөнкү кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды четтетүү өзгөчө чараларды колдонуусуз мүмкүн болбогондо киргизилет:
1) биологиялык мүнөздөгү: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия;
2) социалдык мүнөздөгү: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу;
3) табияттык-техногендик мүнөздөгү: табигый кырсыктар, кыйроолор, эгерде алар конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирсе.
(КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоонун кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Президенти ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн учурларда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине токтоосуз билдирет.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды чектөө жана чечүү үчүн өз ыйгарым укуктарынын чектеринде бардык чараларды көрөт.
Өзгөчө абалды киргизүүдө же биологиялык, социалдык жана табияттык-техногендик факторлор менен шартталган кризистик кырдаалдардын масштабы кулач жайганда, аларды чектөө жана чечүү үчүн укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу органдарынын күчү жана каражаттары жетпей калганда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы буга тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн, ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун органы болуп саналат.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256, 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абалды киргизет, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 конституциялык Мыйзамына ылайык)
6-статья.
Өзгөчө абал учурунда Кыргыз Республикасы мыйзамдуулук, айкындуулук жана убактылуулук принциптерин жетекчиликке алат.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 конституциялык Мыйзамына ылайык)
7-статья.
Өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында:
1) ушул Мыйзамдын 3-статьясынын талаптарына ылайык өзгөчө абалды киргизүү негиз болгон жагдайлар;
2) ушул Мыйзамдын 3-статьясынын талаптарына ылайык өзгөчө абалды киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө;
3) өзгөчө чаралардын тизмеси жана чектери жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөлөрдүн, кошумча милдеттердин толук тизмеси;
4) өзгөчө абалдын чараларын ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар жана ал органдардын өзгөчө ыйгарым укуктарынын чектери;
5) өзгөчө абал киргизилип жаткан аймактын чек аралары;
6) актынын күчүнө кирүү убактысы, ошондой эле киргизилип жаткан өзгөчө абалдын так мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому жана анын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы калкка дароо кабарланат.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 конституциялык Мыйзамына ылайык)
8-статья.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы ошол эле күнү токтоосуз түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүгө тийиш.
9-статья.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 3 күндөн кечиктирбей өзүнүн токтому менен бекитүүгө же аны жокко чыгарууга тийиш.
Аткаруу бийлик органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын токтоосуз чогултуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 конституциялык Мыйзамына ылайык)
10-статья.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому, ошондой эле айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 конституциялык Мыйзамына ылайык)
11-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ушул Мыйзамдын 9, 10-статьяларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө бекитилбеген Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Жарлыгы жокко чыгарылып, бул тууралу тиешелүү аймактын калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу кабарланат.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 конституциялык Мыйзамына ылайык)
12-статья.
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыгы бекитилген учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн токтому менен өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыкта каралган жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөлөрдүн жана аларга жүктөлгөн кошумча милдеттердин өзгөчө чараларынын тизмесин жана чектерин өзгөртүүгө укуктуу.
(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 конституциялык Мыйзамына ылайык)
13-статья.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү 30 күндөн, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынын бир бөлүгүндө киргизилген өзгөчө абалдыкы - 60 күндөн тийиш. Бул мөөнөт бүткөндө өзгөчө абал токтотулат же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ушундай эле мөөнөткө узартылат.
14-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө абалды белгиленген мөөнөт аяктай электе токтотуп коюуга укуктуу.