Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 токтомуна) |
Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 , 2023-жылдын 14-августундагы № 405 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун демилгелөөнүн, тандоонун, даярдоонун, ишке ашыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) жайылтылат.
3. Ушул Жобонун максаты болуп бюджеттик инвестициялардан болушунча максималдуу социалдык жана экономикалык кайтарымды алуу үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун даярдоонун жана ишке ашыруунун жогорку сапатын камсыздоо эсептелет.
4. Ушул Жобо техникалык көмөк көрсөтүү долбоорлоруна, ошондой эле шашылыш гуманитардык жардамды, улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталган жардамды, Кыргыз Республикасына донорлордон жана эл аралык уюмдардан түшүүчү аскердик жана азык-түлүк жардамын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу же кесепеттерин жоюу боюнча чукул чараларды ишке ашыруу менен байланышкан долбоорлорду кошкондо Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасына кирбеген гранттарга карата колдонулбайт.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инвестицияларын башкаруу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору улуттук, тармактык программалар же стратегиялар сыяктуу тиешелүү документтерде, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн аймактык программаларын кошкондо, башка документтерде чагылдырылган Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык демилгеленет жана бекитилет;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлоруна карата ушул Жободо аныкталуучу бирдиктүү системалаштырылган процесс колдонулат, анын ичинде колдонулуучу документтердин бирдиктүү стандарттарын пайдалануу;
- демилгеленүүчү мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору үчүн натыйжалуулуктун жана майнаптуулуктун өлчөнүүчү индикаторлору аныкталууга тийиш, ал долбоорлорду тандоодо жана бекитүүдө көңүлгө алынат, ошондой эле долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо үчүн колдонулат.
- экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү методикаларга ылайык ишке ашырылып жаткан жана ишке ашырылып бүткөн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун натыйжалуулугу милдеттүү түрдө бааланат;
- тиешелүү кызмат адамдары мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун пландоо, демилгелөө, ишке ашыруу, аяктоо жана баалоо, анын ичинде долбоорлордун ишке ашырылышына баа берүү үчүн зарыл болгон маалыматтын мониторингин камсыздоо, аны топтоо жана даярдоо үчүн жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун бекитүү жана каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана бюджеттик циклине ылайык ишке ашырылат;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясын эске алуу менен каржыланат;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун пландоо, ишке ашыруу, аяктоо жана баалоо процесстери жана натыйжалары ачык-айкын жана коомчулук үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)