Редакцияот 01.07.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы N 318 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2004-жылдын 1-июлу № 81

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу

 

1-статья.

 

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 4, 116-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

21-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи бөлүктөр менен толукталсын:

"Мамлекеттик пособиелерди төлөөгө тиешелүү суммалар, мамлекеттик пособие алуучулардын коммуналдык-техникалык тейлөө кызматтары (суу менен камсыздоо, суу берүү, таштандыларды чыгаруу, подъездерди, үйлөрдүн чатырын оңдоо, газ, электр жана жылуулук кубаты, телефондук тейлөө кызматтары ж.б.) үчүн салыктар жана жыйымдар боюнча карыздарын, жогоруда аталган тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү ведомстволордун республикалык бюджетке болгон карызын жоюунун эсебинен кайтарылма каржылоо жүргүзүү жолу менен жоюу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

Бул статьялардын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".

 

2-статья.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркинтоо" гезитинин 2004-жылдын 9-июлундагы № 53 санында жарыяланган.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Акаев

 

2004-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган