Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                          КР Президентинин

            2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 31-марты № 14

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

                         АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ

 

     Алдын ала тергөө стадиясында  прокурордук-тергөө  органдары  мурда

кабыл алган чечимдерди, ошондой эле кењири коомдук-саясий жана эларалык

мааниге ээ болгон иштер боюнча соттук чечимдерди кайра карап чыгуу  ма-

селелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана коомдук уюмда-

рынын көп сандаган арыздарына жана кайрылууларына байланыштуу:

     1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасы-

нын ички иштер министринин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуз-

дук  кызматынын төрагасынын милдеттерин аткаруучулар тергөө стадиясында

мурда кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун кайра

карап чыгуу,  ошондой эле зарылчылык болгон учурда сот органдарына тие-

шелүү материалдарды киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуро-

рунун  милдеттерин аткаруучунун жетекчилиги астында аталган мамлекеттик

органдардын өкүлдөрүнүн курамында биргелешкен тергөө-оперативдүү комис-

сияны (мындан ары - комиссия) түзсүн.

     2. Жогоруда аталган комиссия ишке киришсин жана өз ишинин натыйжа-

лары  жөнүндө  Кыргыз Республикасынын коомчулугуна туруктуу маалымдоону

камсыз кылсын.

 

     Кыргыз Республикасынын

     Президентинин милдеттерин аткаруучу             К.Бакиев