Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-декабры, № 312 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТКЧИСИНИН БУЙРУГУ Контрабандалык ташып келүүгө жана жасалма жасоого кыйла көп дуушарболгон товарлардын акциздик жана башка түрлөрүн эсепке алуу системасынандан ары өркүндөтүүнү камсыз кылуу максатында: 1. Төмөнкү курамдагы жумушчу комиссия түзүлсүн: Каниметов Кубат Абдулдаевич -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы, жумушчу комиссиянын төрагасы Эсеналиев Талантбек -Кыргыз РеспубликасынынКанатбекович Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармасынын салык жана бажы саясаты секторунун башчысы (макулдашуу боюнча) Надырбеков Казыбек -Кыргыз Республикасынын ЭкономикаАйдарбекович жана финансы министрлигинин кирешелер департаментинин директору (макулдашуу боюнча) Акматов Нурлан Орозбекович -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын бажы төлөмдөрү башкармасынын начальниги (макулдашуу боюнча) Камалитдинова Фарида -Кыргыз РеспубликасынынАбдул-Бариевна стандарттар жана метрология Улуттук институтунун стандартташтыруу башкармасынын начальниги (макулдашуу боюнча) Валиева Нина Валерьевна -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кыйыр салыктарга контролдук кылуу башкармасынын товарлардын акциздик топторун жүгүртүүгө жана акциздик маркаларга контролдук кылуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). 2. Жумушчу топ контрабандалык ташып келүүгө жана жасалма жасоогокыйла көп дуушар болгон товарлардын акциздик жана башка түрлөрүнкоргоонун латенттик каражаттарын талдасын жана баа берсин жана үчжумалык мөөнөттө талдоо материалдарын Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясына сунуш кылып. 3. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялыкөнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Ү. Сыдыков