Редакцияот 09.10.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 9-октябрындагы № 329                       КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ                                        2006-жылдын  25-январында Санкт-Петербург  шаарында  Евразиялык экономикалык  шериктештакке  мүчө  мамлекеттердин  интеграцияланган валюталык    рыногун   уюштуруу   жагынан   кызматташтык    жөнүндө Макулдашууга кол коюлгандыгына байланыштуу:          I.  Кыргыз  Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте:     -2006-жылдын 25-январында Санкт-Петербург шаарында кол  коюлган Евразиялык    экономикалык   шериктештикке   мүчө    мамлекеттердин интеграцияланган  валюталык рыногун уюштуруу  жагынан  кызматташтык жөнүндө Макулдашууну каттасын;     -жогоруда  аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн  зарыл  болгон ички  мамлекеттик  жол-жоболор  аткарылгандыгы  жөнүндө  Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетине билдирсин.          2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгиленген тартипте:     - өз ишинде жогоруда аталган Макулдашууну жетекчиликке алсын;     - бул Макулдашууну жарыяласын.                    Кыргыз Республикасынын     Президенти                                    К.Бакиев