ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-марты № 2
Дыйкандардын үлүш жеринен ашып калган жерлерди Эмгек-Талаа айыл аймагынын мамлекеттик фондусуна алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Эмгек-Талаа айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 3-февраль
2021-жылдагы №1 протоколуна ылайык, Эмгек-Талаа айылынын “Кара-Булун” участкасындагы дыйкандардын үлүш жеринен ашып калган 10,9 га жерлер Эмгек-Талаа айыл аймагынын мамлекеттин фондусуна кайтарылып алынсын. (Тиркелет жер комиссиянын протоколу 2 баракта)
2. Дыйкандардын үлүш жерлеринен ашып калган 10,9 га жерлерди Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Эмгек-Талаа айыл аймагынын мамлекеттин фондусуна кайтарып алуу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчы А.Осмоновага милдеттендирилсин.
Төрага: | Болот у Денисак |