Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 18/12
«Айыл аймагындагы көчөлөргө коюлган чырактарды оңдоодон өткөрүү жөнүндө»
Сары-Ой айыл аймагынын көчөлөрүнө коюлган чырактарды оңдоодон өткөрүү боюнча Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б.өмъралиевдин сунушун талкуулап Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айыл аймагындагы көчөлөргө коюлган чырактарды оңдоодон өткөрүү үчүн 2019-жылдын 1-январына калган кирешенин эсебиндеги акча каражатынан 22211200 беренесине 10,0мищ сом бөлүнүп берилсин.
2. Көчөлөргө коюлган чырактарды оңдоодон өткөрүү ишин Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө КРнын мыйзамын жетекчиликке алуу менен жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы (К.Султанова) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөкмөлгө алуу жагы мандат, бюджет, экономика курулуш жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев. |