Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 18/7
“2019 -жылдын жаз, жай, күз айларына карата малчылардын көчүп конуусунун мөөнөтүн жана малчылырга эмгек акы катары төлөнүүчү каражаттын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
2019 -жылдын жаз, жай,къз айларына карата малчылардын көчүп конуусунун мөөнөтүн жана малчылырга эмгек акы катары төлөнүүчү каражаттын өлчөмүн бекитүү боюнча 2019-жылдын 1-апрелинде Жылан-Арык айылында өткөн жыйындын токтомун карап чыгып Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019 -жылдын жаз, жай, күз айларына карата малчылардын көчүп конуусунун мөөнөтү жана малчылырга эмгек акы катары төлөнүүчү каражаттын өлчөмүн бекитүү боюнча 2019-жылдын 1-апрелиндеги өткөн айылдык жыйындын №4 токтому бекитилсин.
2. 2019-жылдын жаз, жай, күз айларына карата малчылардын көчүү конуусу, эмгек акы төлөөнүн өлчөмү боюнча малчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы (К.Бектурганов) жайыт комитетинин бухгалтери(Ж.Казиев) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мандат, бюджет, экономика пландоо курулуш жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссия туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев. |