Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 18/6
«Жайыт комитетине пайдаланууга берилген фронталдык жүктөгүчтүн жеке жактарга жана юридикалык жактарга көрсөткөн кызматынын бааларынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө»
Жайыт комитетине пайдаланууга берилген фронталдык жүктөгүчтүн жеке жактарга жана юридикалык жактарга көрсөтө турган кызматынын бааларынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө жайыт комитетинин сунушун карап чыгып Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине пайдаланууга берилген фронталдык жүктөгүчтүн жеке жактарга жана юридикалык жактарга көрсөтө турган кызматынын бааларынын өлчөмү бекитилсин.(Тиркеме тиркелет №1).
2. Жайыт комитетине пайдаланууга берилген фронталдык жүктөгүчтүн жеке жактарга жана юридикалык жактарга көрсөткөн кызматына ылайык белгиленген өлчөмдө акча каражатын өндүрүп мыйзамдын талаптарын аткаруу жагы Жайыт комитетинин бухгалтери (Ж.Казиев) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Маданият,саламаттыкты сактоо,билим берүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев. |