Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 18/5
«Жылан-Арык Алтын бала бакчасына видео көзөмөл коюга каражат кароо жөнүндө»
Жылан-Арык Алтын бала бакчасына видео көзөмөл коюга каражат кароо жөнүндө Жылан-Арык алтын бала бакчасынын башчысы С.Абдиеванын,айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султанованын сунуш пикирлерин эске алып Сары-ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылан-Арык алтын бала бакчасынын башчысы С.Абдиеванын,айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султанованын пикирлерин эске алып Жылан-Арык алтын бала бакчасына 5 камера толук тетиктери менен сатып алуу үчүн, 2019-жылдын 1-январына карата калган кирешенин эсебиндеги акча каражатынан 22221100 беренесине 29,0 сом бөлүнүп берилсин.
2.Камера сатып алууга бөлүнгөн акча каражатына камера сатып алууну Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө КРнын мыйзамын жетекчиликке алуу менен жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысына(К.Султанова) милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев. |