Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 18/3
«Пионер -Булак ИСКАКБнин 2018-жылдагы жүргүзгөн иши жөнүндө.»
Пионер-Булак ИСКАКБнин 2018-жылдагы жүргүзгөн иши жөнүндө. ИСКАКБнин төрагасы М.Нааматбековдун билдирүүсүн угуп, чыгып сүйлөгөн Сары-Ой айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алып Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пионер-Булак ИСКАКБнин 2018-жылдагы аткарган иштери боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Пионер-Булак ИСКАКБнин төрагасы (М.Нааматбеков) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин.
-Суу чорголорун кезектеги оңдоодон өткөрүп туруу;
-Суу чыккан жердеги, сууну хлорлой турган тетиктерин карап чыгып ишке киргизүү боюнча иш алпаруу;
-Сууга болгон тарифти өндүрүүнү жандандыруу;
-Сары-Ой калктуу конушуна таза суу киргизүүгө карата долбоорлорду демөөрчүлөргө сунуштоо;
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Коомдук тартипти мыйзамдуулукту сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев. |