Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 18/2
«Сары-Ой айыл аймагындагы Жайыт комитетинин 2018-жылдагы жүргүзгөн иши тууралуу.»
Сары-Ой айыл аймагындагы Жайыт комитетинин 2018-жылдагы жүргүзгөн иши тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы К.Бектургановдун билдирүүсүн угуп, Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айыл аймагындагы Жайыт комитетинин 2018-жылдагы жүргүзгөн иши тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы К.Бектургановдун билдирүүсү белгиленсин.
2. Жайыт комитетине эл аралык уюмдардын жана донорлордун жардамы менен курулган купканы,мал дарылоочу жайларды жана сатып алынган техникаларды туруктуу иштетип кетүү боюнча ишти уюштурууну Жайыт комитетинин төрагасы(К.Бектурганов) колго алсын.
3. Жайытка баруучу жолдорду комиссия менен карап чыгып зарылчылыгына карата оңдоо иштерин жасоо боюнча иш жүргүзүү Жайыт комитетинин төрагасы(К.Бектурганов) тапшырылсын.
4. бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы мандат, бюджет, экономика пландоо курулуш жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев. |