Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 18/1
«Сары-Ой айыл аймагындагы Кара Тагай СПАсынын 2018-жылдагы жүргүзгөн иш аракеттери жөнүндө.»
Кара-Тагай СПАсындагы 2018-жылдагы аткарылган иштер боюнча СПАнын төрагасы Т. Жумалиевдин баяндамасын угуп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдагы аткарылган иштер боюнча СПАнын төрагасы .Жумалиевдин жасаган билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Тагай СПАсынан 2018-жылда суу алып сууга болгон төлөмдү төкпөй жүргөн дыйкандардан акча каражаттарын өндүрүү, дыйкандардан түшкөн акча каражатын Банк аркылуу түзүлгөн смета боюча мыйзам чегинде чыгымдоо жагы СПАнын бухгалтери (С.Сопиева) милдеттендирилсин.
3. Дыйкандар айдоо аянтарындагы ички арыктарды казып ирээтке келтиргенден кийин, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерип кабыл алуу жагы СПАнын төрагасы (Т.Жумалиев) тапшырылсын.
4. Сугат мезгилинде дыйкандардын суроо талабына карата сугат суулары менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу жагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысына (Б.Өмүралиев) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы экономика жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев. |