Редакцияот 23.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 23-ноябры № 04

 “Кара-Балта шаарындагы жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 01 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун «Кара-Балта шаарындагы жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» прокуратурасынын КБШКнын 2021-жылынын     8-апрелиндеги № 01 токтомун жокко чыгарууга каршы протестинин негизинде  Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    «Кара-Балта шаарындагы жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШКнин 2021-жылынын 8-апрелиндеги № 01 токтомуна өзгүртүүлөр киргизилсин:

1., 2. – пункттары “сунушталсын” деген сөз менен толукталсын.

2.    Токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

_________________________________________________________________________

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, мэриясына, ЖР ЖДПБ.

 

Кеңештин төрагасынын орун басары

Р. Джолдошбаев