Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 13-августу № 115
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-июлундагы № 206, 2010-жылдын 8-февралындагы № 24, 2011-жылдын 26-июлундагы № 131, 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2017-жылдын 17-июнундагы № 108, 2020-жылдын 21-августундагы № 137, 2023-жылдын 23-майындагы № 105, 2024-жылдын 17-июлундагы № 119, 2025-жылдын 14-мартындагы № 54 , 2025-жылдын 13-августундагы № 199 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун («Ысык-Көл» ЭЭТ) сактоого, пайдаланууга жана туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салууга багытталган.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Антропогендик оорчулук - адамдардын иш-аракетинин натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө келтирилген оорчулук же таасир.
Жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү - жаратылыш ресурстарын толуктоо же антропогендик таасир көрсөтүүнүн, болбосо жаратылыштын каргашалуу күчтөрүнүн натыйжасында жок болгон жаратылыш объекттеринин пайдалуу касиеттерин арттыруу боюнча жасалма чаралар (уюштуруу-техникалык, экономикалык).
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамына ылайык үчүнчү бөлүгү күчүн жоготкон)
Шаар куруучулук же урбанизациялык-экологиялык түркүк - адамдарды отурукташтыруунун аймактык түзүмүн экологиялык жактан сарамжал пландаштыруу модели.
Экологиялык-экономикалык тутумдун сыйымдуулугу - адамдардын чогуу жашоосунун бул экотутум кыйла убакыттын ичинде талкаланбай, өзүн-өзү калыбына келтирүүгө жөндөмдүү болгон эң чоң өлчөмү.
Рекреациялык зоналар - эс алуу, ден соолукту чыңдоо жана туризм үчүн пайдаланылуучу айлана-чөйрө мейкиндигинин бир бөлүгү, анын ичинде улуттук, жаратылыш сейил бактары, корук жайлар, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жерлери жана объекттери.
Тарыхый-маданий мурас - тарых жана маданият эстеликтеринин жыйындысы.
Тарыхый-маданий эстелик - адамдын элдин турмушундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө, материалдык жана руханий чыгармачылыкка байланыштуу тарыхый, илимий, көркөм же эстетикалык баалуулук болгон чыгармачылык иши.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамына ылайык тогузунчу бөлүгү күчүн жоготкон)
Капиталдык курулуш - тургузуу үчүн тереңдетилген пайдубалды орнотуу, тосуучу жана кармап туруучу конструкцияларды коюу, тазалагыч курулмаларды кошуп алганда бардык зарыл инженердик коммуникацияларды алып келүү боюнча жер казуу жана куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүнү талап кылган объекттердин курулушу.
Рекреация объекттери - менчигинин формасына жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан, эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу, рекреациялык, мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер.
Тазалагыч курулмалар - калк жайгашкан жердин (пункттун), өнөр жай ишканасынын, рекреация объектинин башка чарбакер объекттердин канализация системасында агынды сууларды аларда камтылган булгануулардан тазалоого арналган, иштетилүүсүнүн натыйжасында тазалоо процессинен кийин суунун сапаты белгиленген санитардык жана техникалык ченемдерге туура келе турган инженердик курулмалардын комплекси.
Эстеликти коргоо - эстеликти коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплекси.
Рекреация объекттери - эс алуунун, ден соолукту чыңдоонун жана туризмдин объекттери.
Экологиялык тутумдун даремети же жаратылыш даремети - экологиялык (жаратылыштык) тутумдун өзүнө зыян келтирбестен жаратылыш ресурстарынын бир бөлүгүн берүүгө же пайдалуу ишти жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгү.
Жаратылыш мурасы - жаратылыш эстеликтеринин комплекси.
Жаратылыш эстелиги - табигый жаратылыштын тарыхый, илимий, көркөм же эстетикалык баалуулук болгон объекти.
Жаратылыш ресурстары - адамдын жаратылышты керектөөсүнүн табигий булактары (жер, суу, токой ресурстары, пайдалуу кендер, минералдык чийки заттардын корлору, радиоактивдүү материалдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, алардын компоненттери жана башка жаратылыш жыргалчылыктары).
Парквей - сейил багынын, токой сейил багынын ичинде салынган, көбүнчө экскурсиялык же туристтик багыттагы үзгүлтүксүз кыймылдын автожолу.
Экотутумдун өзүн-өзү калыбына келтирүү даремети - экотутумдун антропогендик таасирдин же жаратылыштын табигый күчтөрүнүн натыйжасында жок болгон өз ресурстарын калыбына келтирүүгө жөндөмдүүлүгү.
Тең салмактуу өнүгүү - адамдардын учурда жашап жаткан муунунун керектөөлөрүн канааттандырган жана болочок муундардын жаратылыш чөйрөсүнө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жөндөмдүүлүгүнө коркунуч келтирбеген коомдук өнүгүш.
Жаратылышты тең салмактуу пайдалануу - жаратылыш ресурстарын пайдалануунун экологиялык тутумдун өзүн-өзү калыбына келтирүүчү дареметинен ашып түшпөгөн бардык түрлөрүнүн жыйындысы.
Экологиялык көпүрө - автожолдун жаныбарларды коргоо жана жолдун эстетикалык кооздугун арттыруу максатында 1-2 км аралыкта астынан тирөөчтөр менен көтөрүлүп турган участогу.
«Ысык-Көл» ЭЭТсы - жаратылыш чөйрөсүнүн дараметинин өзүн-өзү калыбына келтирүүсүнөн ашпаган антропогендик жүк, тең салмактуу тутум. «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутуму Кыргызстандын элинин кенчи болуп саналат жана төмөнкү тутумчалардан:
- жаратылыш дареметинен;
- жаратылыш чөйрөсүнөн;
- жаратылыштык-аймактык эстеликтерден;
- тарыхый-маданий жана антропогендик эстеликтерден;
- жаратылыштык-чарбалык комплекстин жыйындысынан турат.
Суулуу-саздак жерлер – саздак, фен, чым көңдүү жерлердин же табигый же жасалма, туруктуу же убактылуу, токтоп турган же агымдуу, тузсуз, шор же туздуу көлмө-суулардын райондору.
Суу корголуучу зона – суу объектинин акваториясынын тегерегиндеги аймак, анда суунун кирдешин, булганышын, азайышын жана балырланышын болтурбоо үчүн атайын режим белгиленет.
Сууда сүзүүчү жана сууга жакын жашаган канаттуулар – суулуу-саздак жерлерде жана жээкке жанаша жаткан жерлердеги суулуу объекттерде жашаган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери.
Сейил бактык-пляждык зона - Ысык-Көл көлүнүн суусу бүткөн жерден туурасы 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы аймак.
Суу мотоцикли (гидроцикл) - ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар, жогорку ылдамдыктагы жеке суу транспорт каражаты.
Асма мотор - кеменин арт жагында жайгашкан, негизинен чакан кемелерде (ялдарда, сейилдөөчү кайыктарда, туристтик кемелерде, скутерлерде) башкы кыймылдаткыч катары орнотууга арналган, кемеден обочолонуп өз алдынча турган винттүү моторлуу түзүлүш.
Эки такттуу кыймылдаткыч - ичинен күйүүчү кыймылдаткыч, мында ар бир цилиндрдеги иш процесси муунактуу валдын бир айлануусунда, башкача айтканда, поршендин эки жүрүшүндө аткарылат.
Жасалма кыймылдаткыч - кол эмгегин пайдалануу менен жасалган жана тиешелүү сертификаты же болбосо документи жок кыймылдаткыч.
Төрт такттуу кыймылдаткыч - ичинен күйүүчү поршендүү кыймылдаткыч, мында ар бир цилиндрдеги иш процесси муунактуу валдын эки айлануусунда, башкача айтканда, поршендин төрт жүрүшүндө (тактында) аткарылат.