Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2008-жылдын 07-апрели ПБ №91

(«Ысыккөл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссиянын курамы)

«Ысыккөл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссиянын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле аталган комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алып:

Кыргыз Республикачынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралдагы № 74 буйругу менен түзүлгөн «Ысыккөл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- «Калимбетова Тажикан Борбугуловна – Кыргыз Республикасынын финансы министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары» деген сөздөр «Жапаров Акылбек Үсөнбекович – Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары » деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- «Жапаров Акылбек Үсөнбекович – Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри» деген сөздөр «Калимбетова Тажикан Борбугуловна – Кыргыз Республикасынын финансы министри »  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- Республикалык комиссиянын курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:

Исабеков Кубанычбек Сатинбиевич -

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча)

Балкибеков Сапарбек Эсенович -

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри

Бакиров Мамасадык Сабирович -

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору

Жоробекова Шарипа Жоробековна -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти

 

Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

 

К.Бакиев