Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 418 токтомуна) |
Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда гендерлик зомбулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана чара көрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
өзгөчө кырдаал - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыш же техногендик кубулуштун, авариянын, апааттын, табигый же башка кырсыктын, учурдагы кыйратуу каражаттарынын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында түзүлгөн жагдай;
кризистик кырдаал - биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия), социалдык (зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу, аларды бузууну кошкондо) жана табияттык-техногендик (табигый кырсыктар, кыйроолор) мүнөздөгү конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирүүчү факторлордун (жагдайлардын) жыйындысы;
коопсуз жай - гендерлик зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучу жок аймак же жай;
гендерлик зомбулук - бул адамдын дене, сексуалдык же психологиялык ден соолугуна зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон, азапка салган ар кандай зомбулук актысы, ошондой эле коомдук же жеке жашоосунда болобу күчкө салып же өз эрки менен эркиндигинен ажыратуу коркунучу;
жардам алууга жеткиликтүүлүк - жынысына, туткан динине, социалдык, маданий, этностук таандыктыгына, курагына, үй-бүлөлүк абалына, ден соолугунун абалына, жашаган жерине, ошондой эле башка жагдайларга карабастан жана башка адамдардын макулдугу менен гендерлик зомбулуктан жабыр тарткандардын жардам алуу мүмкүнчүлүгү. Жеткиликтүүлүк өзүнө - гендерлик зомбулуктан жапа чеккендердин алгачкы жардам пункттарында жардамдын зарыл болгон бардык түрлөрүн алуу мүмкүндүгүн, ошондой эле башка атайын мекемелерге жиберүү же жеткирүү мүмкүндүгүн камтыйт;
Жарандык коргонуу боюнча комиссия - Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу үчүн багытталган Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын туруктуу иштеген координациялоочу органы;
компетенттүүлүк - атайын даярдыктан өткөн адистин жардам көрсөтүү сапатынын деңгээли;
купуялуулук - гендерлик зомбулуктан жабыр тарткандарга карата гендерлик зомбулук жөнүндө баардык маалыматтарды сыр кылып сактоо;
гендерлик зомбулуктан жабыр тарткан адам - гендерлик зомбулукту башынан өткөргөн жеке адам;
өзгөчө муктаждыктары бар адамдар - кош бойлуу аялдар, эмчектеги баласы бар аялдар, улгайган адамдар, балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
гендерлик зомбулуктан жабыркаган адамдарга жардам - медициналык, психологиялык, социалдык, юридикалык жана жардамдын башка бардык түрлөрү;
өзгөчө жана кризистик кырдаалдын алдын алуу этабы - мүмкүн боло турган өзгөчө жана кризистик кырдаалдан мурдагы мезгил, ал мезгилде өзгөчө жана кризистик кырдаалдын, анын ичинде гендерлик зомбулуктун кесепеттерин азайтуу үчүн иш-чаралардын ырааттуу жана логикалык ирээттүүлүгүн иштеп чыгуу ишке ашырылат;