Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 токтомуна) |
Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип менчигинин түрүнө карабастан, жарандарды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзүшкөн саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарынын уюштурулушун жана алардын көрсөтүлүшүн аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул Тартип жарандарды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүшкөн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүүнүн шарттары
3. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтары стационардык/күндүзгү стационардык шарттарда гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө лицензия алышкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) тарабынан көрсөтүлөт.
4. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга менчигинин түрүнө жана анын аймактык жайгашуусуна карабастан гемодиализ кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын эркин тандоо укугу берилет.
5. Саламаттык сактоо М ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан:
- өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын тизмеси электрондук кезек формасында түзүлөт;
- өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын "Бирдиктүү регистр" жалпы маалыматтар базасы жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын тизмесин бекитүү атайын комиссия тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлөт. Аталган комиссиянын курамы жана иш тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын жаңыланган кезектүүлүк тизмелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.