Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-сентябры № 446
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 43, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 222, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464, 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү, 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 -жылдын 2-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
3-тиркеме |
Текшерүүгө тийиш өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464, 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Өлчөө каражаттарынын аталышы | Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү | Эскертүү |
1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө | |||
1 | Сүт, вино жана вино материалдары үчүн автоцистерналар | Жылына 1 жолу |
|
2 | Нефть продукттары үчүн автоцистерналар | Жылына 1 жолу |
|
3 | Отун жана май таркатуучу колонкалар | Жарым жылда 1 жолу |
|
4 | Нефть, нефть продукттары үчүн эсептегичтер | Жылына бир жолу |
|
5 | Нефть продукттары үчүн резервуарлар | 5 жылда 1 жолу |
|
6 | Суюлтулган газды таркатуучу колонкалар | Жарым жылда 1 жолу |
|
7 | Суюктуктун жана газдын чыгымдарын текшерүүчү орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
8 | Ротаметрлер | Жылына 1 жолу |
|
9 | Дозаторлор: |
|
|
пипеткалуу; | Жылына 1 жолу |
| |
поршендүү | Жылына 1 жолу |
| |
10 | Сүт өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
11 | Суусундуктарды берүү үчүн чендер (айнек) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
12 | Суюк тамак-аш продукттарынын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары | Жарым жылда 1 жолу |
|
13 | Спиртти жана башка өнөр жай суюктуктарын жана тамак-аш продукттарын эсептегичтер | Жылына 1 жолу |
|
14 | Аспираторлор | Жылына 1 жолу |
|
15 | Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык) | Жылына 1 жолу |
|
16 | Суюктукту берүү үчүн чендер (металлдан) | Жылына 1 жолу |
|
17 | Сыйымдуулук чендери (айнектен) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
18 | Көчмө чендер | Жылына 1 жолу |
|
19 | 1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык) жана технологиялык резервуарлар | 2 жылда 1 жолу |
|
20 | Өнөр жай суу эсептегичтери: |
|
|
- шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм; | 5 жылда 1 жолу |
| |
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм жогору | жылына 1 жолу |
| |
21 | Шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм болгон тиричиликтик суу эсептегичтери (ысык жана муздак суу үчүн) | 5 жылда 1 жолу |
|
22 | Өнөр жай жылуулук эсептегичтери: |
|
|
- шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм; | 4 жылда 1 жолу |
| |
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм жогору | Жылына 1 жолу |
| |
23 | Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери | 4 жылда 1 жолу |
|
24 | Өнөр жай газ эсептегичтери: |
|
|
- Turbo Flow UFG ультра үндүү; | 4 жылда 1 жолу |
| |
- мембраналык, турбиналык жана башкалар | Жылына 1 жолу |
| |
25 | Тиричиликтик газ эсептегичтери | 12 жылда 1 жолу |
|
26 | Жука капталдуу суу агызгычтар: |
|
|
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу каптабай агат, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат; | 5 жылда 1 жолу |
| |
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу каптабай агат, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) кийин аларды суу капташы мүмкүн, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
| |
27 | Тосмосу бар суу агызгычтар, анда тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши аз же 0,75ке барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 4 жылда 1 жолу |
|
28 | Чыгым өлчөгүч ноолор, аларда тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
|
29 | Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер жогорку бьефте суунун агымынын режими жай, кошумча салынган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суу ташып агат, курулманын айланасында ири фракциялардын агындылары чогулбайт | 3 жылда 1 жолу |
|
30 | "Белгиленген нук" тибиндеги чыгым өлчөгүчтөр: |
|
|
- каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат; | 5 жылда 1 жолу |
| |
- каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
| |
31 | Кол, чөйчөк анемометрлер (бардык типтеги) | Жылына 1 жолу |
|
32 | Индукциялык анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
33 | Канатчалуу анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
34 | Камералуу, камерасыз диафрагмалар | Жылына 1 жолу |
|
35 | Суу агымынын ылдамдыгын өлчөгүчтөр | 2 жылда 1 жолу |
|
36 | Суу агымынын ылдамдыгын өлчөгүчтү текшерүүчү орнотмолор | 2 жылда 1 жолу |
|
37 | РУГ тибиндеги деңгээл өлчөгүч гидромелиорациялык рейкалар | 2 жылда 1 жолу |
|
38 | Электрондук корректорлор - газ эсептегичтер | Жылына 1 жолу |
|
2. Механикалык чоңдуктарды өлчөөлөр | |||
39 | Клейковинанын деформациясын өлчөгүч | Жылына 1 жолу |
|
40 | Маятниктүу копёрлор | Жылына 1 жолу |
|
41 | Салмак өлчөгүч приборлор, түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
42 | Гирялар: |
|
|
E1, Е2 класстар; | 2 жылда 1 жолу |
| |
F, М класстар | Жылына 1 жолу |
| |
43 | Бардык типтеги динамометрлер | Жылына 1 жолу |
|
44 | Динамометрдик ачкычтар | Жылына 1 жолу |
|
45 | Сыноочу машиналар | Жылына 1 жолу |
|
46 | Гидравликалык пресстер | Жылына 1 жолу |
|
47 | Бардык типтеги катуулукту өлчөгүч приборлор | Жылына 1 жолу |
|
48 | Пуркалар | Жылына 1 жолу |
|
49 | Секунда өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
50 | Саат, механикалык, электрдик, санариптик тахометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
51 | Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар | 2 жылда 1 жолу |
|
52 | Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
53 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту | ||