Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 11-ноябры № 599
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаштар саясатын, дене тарбия жана спорт тармагын андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасында:
- 5-главасынын 40-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинин 6-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 2-пунктунда:
3-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр "Дайыма" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пунктчасынын "Ишке ашыруу формасы" графасындагы "Жаштар жана спорт агенттиги менен БИМдин биргелешкен буйругу" деген сөздөр "Практикалык иш аракеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;