Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22 апрелиндеги № 162, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 698 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - ТИМ) борбордук аппаратында жана ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Ачык конкурс (мындан ары - конкурс) дипломатиялык кызматка кирүүнүн түрлөрүнүн бири болуп саналат.
3. Конкурсту өткөрүүнүн максаты - дипломатиялык кызматтын бош кызмат орундарын ээлөөгө эң даяр талапкерлерди аныктоо.
4. Дипломатиялык кызматтын бош кызмат орундун ээлөөгө конкурстун катышуучусу (мындан ары - талапкер) болуп конкурска катышууга арыз берген жана ушул Жободо белгиленген тартипте конкурска катышууга уруксат берилген адам саналат.
5. Дипломатиялык кызматтын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү ТИМдин аттестациялык-конкурстук комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан ишке ашырылат.
6 Комиссиянын түзүмү жана курамы ТИМдин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен, милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү жана ТИМдин иш чөйрөсүнүн ардагерлери (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22 апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Конкурсту өткөрүүдө Комиссия:
- конкурсту өткөрүү мөөнөтүн жана ишинин регламентин аныктайт;
- конкурска катышуучулар берген документтерди карайт жана Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тестирлөө борборунда (мындан ары - Тестирлөө борбору) компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
- талапкерди дипломатиялык кызматтын бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо же четке кагуу жөнүндө чечимди кабыл алат;