Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
29-декабрындагы № 846 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТҮ
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 токтомуна) |
Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптар (мындан ары - Талаптар) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Талаптардын жоболору республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлорунун ээлери жана/же операторлору болгон мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын колдонуусу үчүн милдеттүү.
3. Ушул Талаптардын жоболору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырга таандык маалыматты өздөрүнүн маалыматтар базасында камтыган маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна, мамлекеттик маалыматтык системаларга, атайын багыттагы телекоммуникация тармагына жана/же өкмөттүк, жашыруун, шифрленген жана коддолгон байланыш тармагына, электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына кирбеген маалыматтык системаларга жайылтылбайт.
4. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борбору (мындан ары - МИМБ) - бул Интернет тармагына туташтырылган жана адистештирилген жайда жайгаштырылган, мамлекеттик маалыматтык системаларды жайгаштыруу үчүн комплекстүү борборлоштурулган система түрүндөгү аппараттык-программалык комплекс;
байланыш каналы - жөнөтүүчүдөн алуучуга сигнал берүүнү камсыз кылуучу телекоммуникация каражаттарынын жана жайылтуу чөйрөсүнүн комплекси:
масштабдалуу - бул электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементинин иштелип чыгуучу маалыматтын көлөмүнүн жана (же) колдонуучулардын жарыш сурамдарынын санынын өзгөрүшүнө жараша модулдарды маалыматтык-техникалык жана инженердик инфратүзүмгө кошуу мүмкүндүгүн кароочу анын өндүрүмдүүлүгүнүн өзгөрүү жөндөмү.
2. МИМБдин максаттары, милдеттери жана дайындалышы
5. МИМБдин максаттары:
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын маалымат системаларынын белгиленген жеткиликтүүлүк, ишенимдүүлүк, коопсуздук жана башкарылуу деңгээлдери менен кепилденген үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын маалыматтар базаларын консолидациялоону, сактоону жана иштеп чыгууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын МИМБ ортосунда үзгүлтүксүз маалымат алмашуусун камсыз кылуу.