Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 токтомуна |
Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин түзүү, карап чыгуу, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (мындан ары - Бюджеттик кодекс), "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) бюджетин түзүүдө, карап чыгууда, бекитүүдө жана аткарууда бюджеттик процесстин катышуучулары тарабынан аткарыла турган эрежелерди жана жол-жоболорду белгилейт.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджети - бул базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыздоо үчүн арналган акча каражаттарынын консолидацияланган фонду.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджети (мындан ары - бюджет) жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.
2. Бюджеттик процесстин негиздери
4. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджеттин долбоору Бюджеттик кодекстин ченемдерине жана ушул Жобого ылайык түзүлөт. Бюджеттин долбоорун түзүү кезектеги бюджеттик жылдын башталышына чейин тогуз ай мурун убакыттан кечикпей башталат.
5. Бюджеттин долбоорун түзүү төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) токтому менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын;
2) Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарынын;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы);
4) өткөн мезгилдеги бюджеттин аткарылышын талдоонун.
6. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин түзүү, бекитүү жана аткаруу баланстуулук принцибинин негизинде ишке ашырылат.
7. Бюджеттин долбоору жана аны аткаруу тууралуу отчет Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына (мындан ары - Бюджеттик классификация) ылайык түзүлөт.