Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2020-жылдын 22-январы № 21

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пунктундагы "2020" деген цифралар "2021" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12(3084) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абылгазиев