Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 5-февралы № 59
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы "инженердик-коргоочу курулмаларды" деген сөздөрдөн кийин "капиталдык" деген сөз алып салынсын;
- 8-пунктунда:
бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "капиталдык" деген сөз алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү-он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздайт, ошондой эле табигый кырсыктардын натыйжасында бузулгандардын ордуна калыбына келтирилип жана кайра курулуп жаткан объекттер үчүн жабдууларды жана механизмдерди сатып алуу жана монтаждоо (орнотуу) иштерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасы менен тиешелүү макулдашуусу бар мамлекеттердин чек арага чектеш аймактарында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
- коргоочу инженердик курулмалардын долбоорлорун экспертизадан өткөрөт;
- авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгат.";