Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 27-декабры № 715
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карталары - паспорттору (ID-карта) менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө жана даярдоого документтер Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээсинин каттоо эсеби жөнүндө маалымат КБМРде болгон учурда же консулдук эсепке алуу жөнүндө маалымат же жалпы жарандык паспортто консулдук эсепке алуу жөнүндө штампы болгондо, арыз ээсинин жашаган же барган жерине карабастан анын жеке катышуусунда бардык аймактык бөлүнүштөрдө жана/же КТБларда кабыл алынат.";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткен же консулдук эсепте турган жарандан жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту даярдоо үчүн документтерди кабыл алуу, ошондой эле жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү чет өлкөдөгү мекемелерде жүргүзүлөт.";
- 13-пунктунун экинчи абзацы "КТБ кызматкери" деген сөздөрдөн кийин "АМС аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пунктунун биринчи жана жетинчи абзацтары "КТБ" деген аббревиатурадан кийин ", ошондой эле чет өлкөдөгү мекемелердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:
"22-1. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жалпы жарандык паспорт алууга документтерин бере алат.