Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 токтомуна) |
Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613 , 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө ушул жобо "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында иштелип чыкты жана мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирүүчү өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн аларды жүгүртүүгө чыгарууда тибин бекитүүнү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонууну, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жалпы талаптарды белгилейт.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында өндүрүлгөн, аларга карата Евразия экономикалык комиссиясы тарабы нан бекитилген өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштердин натыйжаларын өз ара таануу эрежелерине ылайык ушул өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү өз ара таануу жүргүзүлгөн өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тартипте жүргүзүлөт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) сыноолорду жүргүзүү жана өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү тартибин, Кыргыз Республикасында чыгарылган же Кыргыз Республикасына ташып келинген, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулууга тийиш болгон өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн белгисине техникалык талаптарды, анын формасын, өлчөмүн, колдонуу тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
стандарттык үлгү - болжолдонгон багытына ылайык сапаттык касиеттерин өлчөөдө же баалоодо аны колдонуу үчүн белгилүү касиеттерге карата жетишерлик түрдө бир өңчөй жана туруктуу материал;
өлчөө каражаттарынын тиби - бир эле аракет принцибинде негизделген, бирдей конструкцияга ээ болгон жана бир эле техникалык документ боюнча даярдалган бир эле багыттагы өлчөө каражаттарынын жыйындысы;
өлчөө каражаттарын сыноо - мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында өлчөө каражаттарынын үлгүлөрүн милдеттүү сыноо;
өлчөө каражаттарын изилдөө - изилденип жаткан өлчөө каражаттарынын метрологиялык мүнөздөмөлөргө шайкештигин аныктоо;
өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү - метрология боюнча улуттук органдын өлчөө каражаттарынын тибинин белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө чечими;
сыноо протоколу - сыноо натыйжаларын же сыноого тиешелүү башка маалыматтарды камтыган документ.
2-глава. Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоонун тартиби
3. Кыргыз Республикасында чыгарылган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарынын жана Кыргыз Республикасында чыгарылган, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу стандарттык үлгүлөрдүн тиби бекитилүүгө тийиш.
Бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттары катталууга тийиш.
4. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана каттоо жөнүндө чечим өлчөө каражаттарын сыноонун же изилдөөнүн (каттоодо) жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң натыйжаларынын негизинде метрология боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат.
5. Тиби бекитилген өлчөө каражаттарына метрология боюнча улуттук органдын чечими менен бекитүүчү формага ылайык өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө сертификат берилет.
Каттоо жол-жобосунан өткөн өлчөө каражаттарына метрология боюнча улуттук органдын чечими менен бекитилүүчү формага ылайык өлчөө каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк (өлчөө каражаттарынын заводдон чыккан номерлерин көрсөтүү менен) берилет. Өлчөө каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк изилдөөгө берилген өлчөө каражаттарына жайылтылат. Ал эми башка бирдей/окшош өлчөө каражаттарына өлчөө каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк жайылтылбайт.
6. Тиби бекитилген стандарттык үлгүлөргө метрология боюнча улуттук органдын чечими менен бекитилүүчү формага ылайык мамлекеттик стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү жөнүндө сертификат берилет.
7. Метрология боюнча улуттук орган тарабынан Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү улуттук органдары кошулган өз ара таануу жөнүндө башка уюмдардын макулдашууларына ылайык чет өлкөлөрдө өндүрүлгөн өлчөө каражаттарын сыноонун натыйжаларын таануу жана өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жүргүзүлөт.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда баяндалган негиздер боюнча таанылган өлчөө каражаттарына, сыноолордун натыйжаларына жана тибин бекитүүгө метрология боюнча улуттук органдын чечими менен бекитилүүчү формага ылайык өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү таануу жөнүндө сертификат берилет.
9. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде катталууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Даярдоочу ушул Жобонун 7-главасына ылайык өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисин коюуну камсыз кылат.
11. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн өлчөө каражаттарына коюлат. Импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарына өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисин коюу милдеттүү эмес.
12. Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө тибин бекитүү белгиси стандарттык үлгүлөргө жана эксплуатациялоо документтерине коюлат.
13. Сыноолорду, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, каттоого, өлчөө каражаттарын сыноонун натыйжаларын таанууга жана өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бекитилген тарифке жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы N 584 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Метрология боюнча улуттук орган берилген документтерге метрологиялык экспертиза жана өлчөө каражаттарынын үлгүлөрүнө жана стандарттык үлгүлөргө идентификациялоо жүргүзөт.
15. Метрологиялык экспертиза жүргүзүүдө метрологиялык камсыздоо жаатындагы метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди колдонуунун тууралыгы талданат жана бааланат.
16. Метрологиялык экспертизадан кийин документтер, өлчөө каражаттарынын үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөр метрология боюнча улуттук орган тарабынан бекитилген программага ылайык өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү максатында өлчөө каражаттарын сыноону жана стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү үчүн метрология боюнча улуттук органдын лабораториясына же чарба субъекттеринин метрологиялык кызматтарына жөнөтүлөт.
17. Өлчөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң натыйжаларын алгандан кийин документтер, өлчөө каражаттарынын үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөр, сыноо протоколдору метрология боюнча улуттук органга өткөрүп берилет, ал метрология боюнча улуттук органдын чечими менен бекитилүүчү форма боюнча сыноо актысын тариздейт.
18. Метрология боюнча улуттук орган сыноо материалдарын Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын (мындан ары - Комиссия) кароосуна киргизет, ал өлчөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң натыйжаларынын негизинде өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.
19. Комиссиянын курамы метрология боюнча улуттук органдын буйругу менен бекитилет. Комиссия жети мүчөдөн турат, ага метрология боюнча улуттук органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалуучу комиссиянын төрагасы жана катчысы кирет. Метрология боюнча улуттук органдын өкүлдөрү, юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарынын өкүлдөрү Комиссиянын мүчөлөрү боло алат.
20. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө Комиссия өлчөө каражаттарынын текшерүүлөр ортосундагы интервалын жана стандарттык үлгүлөрдү колдонуу мөөнөтүн аныктайт.
21. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тиби, анын ичинде же бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген изилденген өлчөө каражаттары Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде катталууга тийиш.
22. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндөгү сертификат же өлчөө каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк берилген үлгүлөр менен арыз ээсине берилет.
23. Өлчөнүүчү параметрлердин чоңдуктары, уруксат берүү талаптары, деңгээлдер, четке кагуулар, катачылыктар өлчөө каражаттарынын паспорттук маалыматтарына шайкеш келбеген учурда терс чечим кабыл алынышы мүмкүн.
24. Терс чечим кабыл алынган учурда, Комиссия арыз ээсине өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдөн жана өлчөө каражаттарын каттоодон баш тартууга жазуу жүзүндө негиздеме жөнөтөт.
25. Арыз ээси Комиссиянын терс корутундусу менен макул болбогон учурда өзүнүн катышуусунда кошумча сыноолорду жүргүзүүгө катышуу укугуна ээ.
3-глава. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү, өлчөө каражаттарын изилдөө жана бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо максатында өлчөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүү тартиби
26. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында өлчөө каражаттарын сыноону метрология боюнча улуттук орган, ошондой эле өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жактар белгиленген тартипте жүргүзүшөт.
27. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында өлчөө каражаттарын сыноо үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
1) эркин формадагы өтүнмөнү;
2) сыноо программасында каралган сандагы өлчөө каражаттарынын үлгүлөрүн;
3) эксплуатациялоо документтерин;
4) стандартташтыруу боюнча документти же документтин долбоорун (ага ылайык өлчөө каражаттары чыгарылуучу документ, эгер иштеп чыгуу каралса), ошондой эле эксплуатациялоо документтеринде "Текшерүү методикасы" бөлүмү жок болсо, текшерүүнүн методдоруна жана каражаттарына документтер;
5) метрология боюнча улуттук органдын чечими менен бекитилүүчү форма боюнча жалпы көрүнүшү 13х18 см же 18х24 см болгон сүрөтү менен тибин сүрөттөөнүн долбоорун;
6) өлчөө каражаттарынын тибин сыноо программасынын долбоорун.
28. Өлчөө каражаттарынын тибин сыноо программасы метрология боюнча улуттук орган тарабынан бекитилет. Арыз ээси менен макулдашылып, программа метрология боюнча улуттук органдын катышуусунда иштелип чыгышы мүмкүн.
29. Метрология боюнча улуттук органда өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүү үчүн керектүү жабдуу жок болгон учурда, арыз ээси сыноо үчүн жабдуу жана өлчөө каражаттарын берет.
30. Сыноо жүргүзүлгөндөн кийин жабдуу жана өлчөө каражаттары арыз ээсине кайтарылып берилет.
31. Өлчөө каражаттарына жүргүзүлгөн сыноонун натыйжаларына карата метрология боюнча улуттук органдын чечими менен бекитилүүчү формага ылайык сыноо протоколу жана сыноо актысы (эки нускада) таризделет.
32. Сыноонун натыйжалары оң болгон учурда тибинин сүрөттөлүшү жана текшерүү методикасы бекитилет.
33. Натыйжалар терс болгон учурда арыз ээсине кайтарылуучу документтерди тиркөө менен өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуга ээ сыноо актысы таризделет.
34. Бир нускада же чакан партиялар менен (10 бирдикке чейин) Кыргыз Республикасында даярдалган же ташып келинген, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары өлчөө каражаттарын сыноонун оң натыйжаларынын негизинде метрология боюнча улуттук органда катталууга тийиш.
35. Каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн арыз ээси (өндүрүүчү, импортер) метрология боюнча улуттук органга өлчөө каражаттарынын нускасы/нускалары менен кошо төмөнкүдөй документтерди берет:
1) өтүнмөнү (эркин формада);
2) эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын өндүрүүчүсү болуп саналса өлчөө каражаттарын иштеп чыгууга техникалык тапшырма же өлчөө каражаттарына карата техникалык жана (же) метрологиялык талаптарды камтыган алмаштыруучу документти;
3) эксплуатациялоо документтерин;
4) өзүнчө документ катары текшерүү методикасынын же эксплуатациялоо документтеринин бөлүмүнүн долбоорун.
5) жалпы көрүнүшүнүн жана маркалоо түрү менен фотосүрөттөрү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы N 584 токтомунун редакциясына ылайык)