Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 20-февралы № 104

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясын ылайык)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемеси жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев