Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 718
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355, 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна 2-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна 3-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
- 1.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.5. Жождорго тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Жождорго тийиштүү адистиктерге тездетилген программалар боюнча окутууга тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Орто кесиптик билимдин профили жогорку кесиптик билимдин профилине шайкештиги жож тарабынан өз алдынча аныкталат.";
- 1.6-пунктундагы "тийиштүү багыт боюнча" жана "жакын адистик боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 2.7-пунктундагы "Экинчи жана кийинки курстарга" деген сөздөр "Тездетилген программалар боюнча окутууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.11. Жожго тездетилген программа боюнча окутууга кабыл алуу жогорку же орто кесиптик билим алууда өтүлгөн айрым сабактарды окутуунун жана башка окутуу иш-чараларынын натыйжаларын кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) негизинде ишке ашырылат. Окутуунун натыйжаларын кайрадан аттестациялоо (кайра зачет тапшыруу) жож тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Мында тездетилген программаларды ишке ашырууда окутуунун мөөнөтү башка билим берүү программасы боюнча орто кесиптик билим жана (же) жогорку билим алууда студент өздөштүргөн (өткөн) айрым Дисциплиналар (модулдар) жана (же) айрым практикалар боюнча окутуунун натыйжаларын толук же жарым-жартылай кайрадан аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) жыйынтыгы менен аныкталат.".
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
1) Жогоруда аталган токтомдун 2-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:
- Тизмектин аталышындагы "академиялык даражасын" деген сөздөр "квалификациясын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Академиялык даражанын аталышы" графасындагы "Академиялык даражанын аталышы" деген сөздөр "Квалификациянын аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын";