Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-февралы № 53
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
"Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин (ББ ТР 018/2011) 8, 28 43, 44, 57-пункттарын ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун "в" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- транспорт каражатынын тибин жактырууну (шассинин тибин жактыруу) бекитүү, каттоо, жокко чыгаруу;
- СМБнын расмий басылмасында "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке (ББ ТР 018/2011) шайкештигин күбөлөндүрүүчү документти колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты жарыялоо, документти колдонууну токтотуу жөнүндө кабарламаларды каттоо жана бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
- транспорт каражатынын тибин жактырууларды (шассинин тибин жактырууларды), ошондой эле шайкештик сертификаттарын каттоо жана реестрин жүргүзүү;";
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- транспорт каражатынын тибин жактырууну (шассинин тибин жактырууну) тариздөөнүн тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн техникалык катчылыктын функцияларын аткаруучу компетенттүү уюмду белгиленген тартипте дайындоого;".
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.