Загрузка документа…
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтомуна) |
2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
Караңыздар:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 111-т (2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2026-жылга чейин "Алтын Казык" иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу) тескемеси
1. Киришүү
Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жашоонун жаңы шарттарына ыңгайлашуу жолунда турат. Ата мекендик билим берүү системасы ыңгайлашуу шарттарында маанилүү ролду ойнойт, анткени адам капиталы жана анын ийкемдүүлүгү өлкөнүн өзгөрүп туруучу шарттарга келечекте ийгиликтүү өнүгүү жана ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүгүн аныктайт.
2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому менен бекитилген 2012-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясына (мындан ары - Стратегия) киргизилген реформаларды ишке ашырууну улантуу максатында иштелип чыккан жана программалык документ болуу менен тиешелүү чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты аныктайт.
Программа, анын милдеттери жана индикаторлору ТӨМдүн жаңы аныкталган индикаторлорун, ошондой эле прогресске мониторинг жүргүзүү боюнча максаттуу көрсөткүчтөр, чыгымдар жана милдеттенмелер менен катар сектор үчүн узак мөөнөттүү максаттарга жана стратегиялык багыттарга жетишүүнү колдоо боюнча механизмдер жана иш-чаралар баяндалган тиешелүү иш-аракеттер пландарын даярдоодо кайрадан каралып чыгат.
2. Учурдагы абалды жалпы баалоо
Программанын негизги багыттарын түзүүчү негизги тенденциялар катары төмөнкүлөр бөлүнүп чыгарылат:
1. Демографиялык тенденциялар.
Стратегияны ишке ашыруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны болжолдуу 1 млн. адамга өскөн.
3 жаштан 17 жашка чейинки балдардын саны отчеттук мезгилди кошуу менен 28,7%дан 30,4%га чейин жогорулаган жана 2 млн. 17 миң адамды түздү.
Бул балдардын төрөлүүсүнүн туруктуу демографиялык өсүүсүнө байланыштуу - 2012-жылы тирүү төрөлгөн балдардын саны 155 миң болсо, 2020-жылы - 158 миңге чейин жеткен.
БУУнун маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда калктын акыркы 74 жылдагы максималдуу өсүшү болот, ал 5,92% түзөт. Демек, 2028-жылдан тартып бала бакчаларга жүктөм максималдуу түрдө болот, ал эми 2032-жылдан баштап олуттуу жүктөм Кыргыз Республикасынын мектептерине болот.
Тиешелүү түрдө демографиялык кырдаал, өзгөчө шаарларда калктын өсүү ылдамдыгынан артта калган билим берүү системасынын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө өсүүчү басым кылат, ошондой эле балдардын жана калктын билим берүү системасы менен камтылышын сактоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн социалдык объекттерди куруунун алдыга озуучу саясатын түзүүнү талап кылат. Окуучулардын санынын көбөйүшү сөзсүз окутуучуларга болгон жүктөмдүн көбөйүшүнө алып келет, ал сандык гана эмес, ошондой эле сапаттык көрсөткүчтөр боюнча педагогикалык кадрларды тартуу жана даярдоо саясатын алдын ала жүргүзүү зарылчылыгын пайда кылат.
2. Глобалдаштыруу.
Глобалдаштыруу шарттарында билим берүү системасы эл аралык билим берүү чөйрөсүнө кошулууда жана ата мекендик да, ошондой эле глобалдык эмгек рыногунда да суроо-талапка ээ болуучу адистерди даярдоого багытталууга тийиш. Ушуга байланыштуу билим берүү системасынын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн билим берүүнүн сапатына карата талаптар жогорулайт; билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде социалдык-эмоциялык/ийкемдүү көндүмдөрдү калыптандырууга муктаждык жогорулайт; билим берүүнүн мазмунуна глобалдык жарандуулук, толеранттуулук, маданияттар аралык коммуникациялар, көп тилдүү билим берүү ж.б. сыяктуу окутуунун натыйжалары киргизилет.
3. Технологияларды өнүктүрүү - санариптештирүү.