Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 206 токтомуна) |
2021-жылга статистикалык программа
I. Киришүү
2021-жылга статистикалык программа (мындан ары – Программа) «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекетти жана коомду расмий статистикалык маалымат менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Программанын максаты, улуттук статистика тутумунун ишмердигин пландаштыруу, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн ишин натыйжалуу координациялоо, респонденттерден жеке маалыматтарды чогултуу үчүн укуктук негизди камсыздоо жана мамлекеттик органдардан административдик маалыматтарды алууну жөнгө салуу.
Программада төмөнкүлөр камтылган:
- Улутстатком жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлө турган расмий статистикалык маалыматтын тизмеси;
- статистикалык иштин бекитилген формулярынын негизинде Улутстатком тарабынан жүргүзүлө турган статистикалык изилдөөлөр;
- статистикалык максаттарда колдонула турган мамлекеттик органдардын административдик маалыматтарынын тизмеси;
- расмий статистика жаатындагы негизги иштеп чыгуулар;
- Улутстатком жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан иштелип чыккан Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрүнүн тизмеси;
- колдонуудагы статистикалык регистрлер жөнүндө маалымат;
- Улутстаткомдун уюштуруучулук ишмердиги жөнүндө маалымат.
Респонденттерден (жеке жактардан, юридикалык жактардан же үй чарбаларынан) алына турган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу максатында, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр аны статистикалык максаттарда гана пайдаланышат жана аны ачыкка чыгаруу менен жайылтканы үчүн Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына жана жоруктар жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
Программада төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат: