Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 21-майы № 13

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137  “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилин туруктуу өтүүсүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтомдун 9 - 12, 16 жана 17-тиркемелери ушул токтомдун 1 - 6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

У. Марипов