Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-июну № 40
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июлундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү жана зергердик тармактын ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу, зергердик продукциянын экспортун көбөйтүү жана жумуш орундарын түзүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июлундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы ", мамлекеттик комитеттер" деген сөздөр алып салынсын, "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктта:
биринчи абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацындагы ", Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргелешип" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясында:
- 1 жана 4-главаларынын бүткүл тексти боюнча "Финансы министрлиги" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Концепциянын 1-тиркемесинде:
- 1-пункттагы:
"Милдеттер" графасындагы "Финансы министрлигине" деген сөздөр "Экономика жана финансы министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;