КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 4-сентябры № 450
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан кайрак айдоо жерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу окүлүнүн 2018-жылдын 14-февралындагы № 12 жана 2018-жылдын 25-июлундагы № 148 токтомун, Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 29-декабрындагы № 51-т жана 2018-жылдын 8-июнундагы № 26-т токтомун эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы № 1, 6, 7, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 19,48, 52, 53, 60, 61, 76 контурларында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы 40 га кайрак айдоо жери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына табигый кырсыктардан жабыр тарткан тургундарга жана кооптуу зоналарда жашаган тургундарга жер участокторун берүү максатында которулсун.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясы теменкулерду камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максатту пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнеө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |