Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2008-жылдын 24 июну № 329
Кыргыз Республикасынын жогору турган органдарынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын аткаруучулук тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнү туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүүдө кабыл алынуучу мыйзамдарды, башка нормативдик укуктук актыларды жана чечимдерди өз убагында жама сапаттуу аткаруу боюнча аткаруу бийлик органдарынын уюштуруучулук иштери маанилүү роль ойной тургандыгын белгилейт.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор тарабынан мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдеринде аткаруучулук тартипти сактоо, чечимдерди оперативдүү кабыл алууну камсыздоо, алардын аткарылышы үчүн кадрлардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча кыйла иштер жүргүзүлүүдө.
Экономикалык, саясий жана социалдык чөйрөлөрдө милдеттерди практикалык жактан ишке ашыруу максатында быйылкы жылдын 5 айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 502 токтом жана буйрук кабыл алды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 32 процентке көп.
Жалпысынан документ жүгүртүү 19722 бирдикти түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата 106 процентти түзөт, ага кошумча кирүүчү документтердин саны 14483тү түздү, бул 2470 бирдикке көп.
2008-жылдын беш айында министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына социалдык жана экономикалык өнүктүрүү, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин органдарынын чарбалык ишмердигинин маселелерине тиешелүү 4312 документ, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 95 мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 84 жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 11 буйругу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 24 токтому, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 17 протоколдук тапшырмасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 253 токтому, 88 буйругу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13 протоколдук чечими, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин 162 протоколдук чечими жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өкмөт Аппаратынын жетекчилигинин 3565 тапшырмасы жиберилген.
Аткаруучулук тартип маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 196 буйругу кабыл алынып, анда нормативдик укуктук актыларды, жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун иштери жеткиликсиз деп табылып, алардын бир катарынын аткаруучулук тартибинин деңгээли төмөн экендиги белгиленген.
Бул буйрукту ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлик органдары тарабынан аткаруучулук тартип маселелери каралган жана андан ары аны күчөтүү боюнча чаралар белгиленген, ошондой эле буйрук берүүчү документтерди жана тапшырмаларды аткаруудагы жол берилген тартип бузуулар үчүн 73 кызматкерге ар кандай тартип жазалары көрүлгөн.
Ошону менен бирге талдоо көрсөткөндөй бир катар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын иштеринде нормативдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөттүн тапшырмаларын аткаруу мөөнөттөрүн бузуу улантылууда, бул документтер менен иштөөгө комплекстүү мамиленин жоктугу, аткаруучулук тартипти сактоо механизмин түзүү жана аткарылышын контролдоонун натыйжалуу системасын уюштурууну камсыздоо боюнча таасирдүү чараларды көрбөө тууралуу ырастап турат.
Ушул жылдын беш айында Кыргыз Республикасынын 95 мыйзамынан 79у аткарылган, анын ичинде белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылганы - 14 (15%), тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин 84 жарлыгынан - 66 жана 20 (24%), Кыргыз Республикасынын Президентинин 11 буйругунан - 11 жана 3 (27%), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 41 токтому жана протоколдук тапшырмаларынан - 16 жана 13 (32%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 253 токтомунан - 123 жана 53 (21%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 88 буйругунан - 59 жана 26 (29%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13 протоколдук чечиминен - 8 жана 2 (15%), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин 162 протоколдук чечимдеринен - 128 жана 49 (30%). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин 3565 тапшырмасынан 2404ү контролго алынган, 812 (23%) белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.