Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19 марты № 93
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына автомашинаны өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Автотранспорт бирикмеси Кытай Эл Республикасынын грант каражатынын эсебинен келген "Rover 750D" маркасындагы, 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч N 25К4FA010006669, кузов N LSJW16N397J016732 автомашинаны Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны балансына алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашина Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын балансына өткөрүп берилген учурдан тартып салыктардын жана бажылык алымдардын шарттуу салынган суммасын төлөө боюнча милдеттенме аткарылды деп эсептесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |